Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-статья. Жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо учурунда жод кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · III БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 января 2015 года № 13
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуусу тийиш. Курулган жана жаңыртылган жолдордун техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин, стандарттарынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик башка документтердин талаптарына шайкеш келиши жолду кабыл алуу актысы менен тастыкталат. Жолду кабыл алуу актысы өз укугунун чегинде аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дайындаган комиссия тарабынан белгиленген тартип боюнча жүргүзүлгөн контролдоо, иликтөө жана сыноо иштеринин натыйжасынын негизинде берилет.
2. Долбоорлоо этабында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген талаптарга жолдун жооп беришине байланыштуу жоопкерчилик Долбоорду аткаруучуга, ал эми куруу жана реконструкциялоо учурундагы жоопкерчилик ал жумушту аткаруучуга жүктөлөт.
3. Жолдорду долбоорлордо, курууда жана эксплуатациялоодо жол кыймылынын коопсуздугуна кедерги болуучу инженердик чечимдерди кабыл алуунун эсебинен капиталдык чыгымдарды төмөндөтүүгө жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 января 2015 года № 13 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
15.01.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо учурунда жод кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуусу тийиш. Курулган жана жаңыртылган жолдордун курулуш ченемдери, эрежелери, стандарттары жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик башка документтерге шайкеш келиши жолду кабыл алуу актысы менен тастыкталат. Жолду кабыл алуу актысы өз укугунун чегинде аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дайындаган комиссия тарабынан белгиленген тартип боюнча жүргүзүлгөн контролдоо, иликтөө жана сыноо иштеринин натыйжасынын негизинде берилет.
2. Долбоорлоо этабында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген талаптарга жолдун жооп беришине байланыштуу жоопкерчилик Долбоорду аткаруучуга, ал эми куруу жана реконструкциялоо учурундагы жоопкерчилик ал жумушту аткаруучуга жүктөлөт.
3. Жолдорду долбоорлордо, курууда жана эксплуатациялоодо жол кыймылынын коопсуздугуна кедерги болуучу инженердик чечимдерди кабыл алуунун эсебинен капиталдык чыгымдарды төмөндөтүүгө жол берилбейт.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>