# 99-статья. Пайдалуу кендер чыккан жерлерге курулуш куруунун жана иштетүүнүн эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 140 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205361)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920423..920424>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 99-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-99

---

Пайдалуу кендер чыккан жерге өзү билип курулуш куруу, кен чыккан жерлердин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүү менен, аларды тандап иштетүү, пайдалуу кендерди казып алууда жана минералдык чийки заттарды кайра иштетүүдө, пайдалуу компоненттердин ченемден жогорку коромжулуктарга учурашына жол берүү аркылуу пайдалуу кендер чыккан жерлерге курулуш куруунун жана иштетүүнүн эрежелерин бузуу,- зыяндын ордун толтуруу менен, жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - сексенден жүз кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Жер астындагы сууларды, анын ичинде термоминералдык жана дарылык сууларды соолутуу жана булгоо, аларды тикелей багыты боюнча пайдаланбоо, кийин пайдалануу үчүн жарактуу болгон гидрогеологиялык скважиналарды жок кылуу, зыянга учуратуу же алардын сакталышын камсыз кылбоо - зыяндын ордун толтуруу менен, элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - сексенден жүз кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-98)  
Кийинки берене: [100-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-100)
