# 98-статья. Жер казынасын коргоо, пайдалануу жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 140 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205361)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920423..920424>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 98-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-98

---

Пайдалуу кендер жайгашкан аянттарга өзү билип курулуш куруу, жер казынасын пайдалануунун белгиленген тартибин сактабоо жана геологиялык маалыматтардын жашырындуулугун бузуу, жер казынасын коргоо эрежелерин жана жер казынасын пайдаланууга байланыштуу жумуштардын зыяндуу таасиринен курчап турган жаратылыш чөйрөсүн, имараттарды жана курулуштарды коргоо боюнча талаптарды аткарбоо, жер астындагы сууларга байкоо жүргүзө турган режимдик скважиналарды, ошондой эле маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди бузуу - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштардын долбоордон четтөөсүндө, жер казынасын коргоо эрежелерин аткарбоосунда, жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүлүүчү режимдик скважиналарды, ошондой эле маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылууда же зыянга учуратууда болгон жер казынасын пайдалануунун макулдашылган шарттары сакталбаганда - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [97-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-97)  
Кийинки берене: [99-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-99)
