# 92-статья. Сапатсыз тамак-аш азыктарын жана техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген тузду сатып өткөрүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 октября 2017 года № 185 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111692)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.10.2017 [Закон КР от 27 октября 2017 года № 185 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111692); 20.04.2015 [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 86 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111129); 13.01.2014 [Закон КР от 13 января 2014 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205229); 27.07.2004 [Закон КР от 27 июля 2004 года № 100 "О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об администартивной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1499); 10.03.2002 [Закон КР от 10 марта 2002 года № 33 "О внесении изменений и дополнения в Кодекс КР об административной ответственности "](https://aqlex.ai/kg/doc/985)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920484..920485>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 92-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-92

---

Сапатсыз, анын ичинде химиялык, уулуу, канцерогендик заттарды жана биологиялык кошундуларды кеңири камтыган, үйдө даярдалган, жарандардын ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген тамак-аш азыктарын сатып өткөрүү - тамак-ашын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Унду байытуунун эрежелерин бузуу, байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү жана пайдалануу, байытылбаган унду сатып өткөрүү - юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге эреже бузууларды четтетүүгө чейин ун сатууну токтотуп туруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Унду байытуунун эрежелеринин сакталышына, байытылбаган унду жөнөтүүгө, сатып өткөрүүгө талаптагыдай эмес контроль - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Администрациялык жаза чараларды колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракет - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген байытылбаган унду импорттоо жана жүгүртүү - байытылбаган унду конфискациялоо менен юридикалык жактарга, жарандарга жана жеке ишкерлерге эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген тамак-аш тузун сатып өткөрүү - йоддоштуруу үчүн продукциясын алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (Эскертүү КР 2017-жылдын 27-октябрындагы N 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2002-жылдын 10-мартындагы № 33, 2004-жылдын 27-июлундагы № 100, 2014-жылдын 13-январындагы № 9, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 86, 2017-жылдын 27-октябрындагы N 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык берилген статьянын биринчи жана экинчи абзацтары 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

---

Мурунку берене: [913-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-913)  
Кийинки берене: [921-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-921)
