# 912-статья. Сатып өткөрүү максаты жок баңги каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды көп эмес өлчөмдөрдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташып жеткирүү же кайра жөнөтүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-912>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 912-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-912

---

Баңги каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташып жеткирүү же кайра жөнөтүү, - бештен жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга, болбосо баңги каражаттарын же психотроптук заттарды конфискациялоо менен беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. Ошол эле аракеттер администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийинки жыл ичинде кайрадан кайталанса, ошол эле аракеттер үчүн, - баңги каражаттарын же психотроптук заттарды конфискациялоо менен беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет. Эскертүү. Баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмеги, ошондой эле ушул статья боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка статьялары боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ өлчөмдөр, баңги заттарын көзөмөлдөөгө ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча "Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы №91, 2013-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык берененин ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү бөлүгү 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

---

Мурунку берене: [911-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-911)  
Кийинки берене: [913-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-913)
