# 86-статья. Канды жана анын компоненттерин донордук берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талаптарын бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2016 года № 65 "О внесении изменения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920452..920453>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 86-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-86

---

Канды жана анын продуктыларын, канды алмаштыруучу суюктуктарды даярдоодо, кайра иштетүүдө, сактоодо жана ташууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле донордук канды жана (же) анын компоненттерин кайра куюуда колдонулуучу техникалык каражаттардын коопсуздугунун талаптарын сактабоо, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Донордук канды жана анын компоненттерин кайра куюу менен байланыштуу реципиенттерде келип чыккан реакциялар жана татаалдашуулар жөнүндө маалыматты бербегендик же жашыргандык, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2016-жылдын 19-майындагы № 65 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [852-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-852)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-87)
