# 821-статья. Социалдык камсыздандырууга байланышкан анык эмес документтерди жана жалган маалыматтарды атайылап берүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 821-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-821

---

Негиздер болбогон учурда пенсиялардын же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн дайындалышына, болбосо пенсиялардын же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн өлчөмдөрүн туура эмес эсептөөгө алып келүүчү анык эмес документтердин кызмат адамдары тарабынан атайылап берилиши, эгерде мындай аракеттер жазык жоопкерчилиги каралган квалификациялоочу белгилерди камтыбаса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Негиздер болбогон учурда пенсиялардын же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн дайындалышына болбосо пенсиялардын же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн өлчөмдөрүн көбөйтүп эсептөөгө алып келүүчү жалган маалыматтардын жарандар тарабынан атайылап берилиши, эгерде мындай аракеттер жазык жоопкерчилиги каралган квалификациялоочу белгилерди камтыбаса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-82)  
Кийинки берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-83)
