# 72-статья. Иш берүүчүнүн эмгек мыйзамдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июля 2015 года № 154 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111197)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920440..920444>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 72-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-72

---

Иш берүүчү тарабынан эмгек мыйзамдарын бузуу, анын ичинде:

- кош бойлуу аял, 3 жашка чыга элек балалуу аял менен эмгек келишимин мыйзамсыз бузуу;

- ишканалардын кызматкерлеринин шайлануучу профсоюздук же башка өкүлчүлүктүү органдарынын жетекчилери жана мүчөлөрү, мыйзамга ылайык кошумча гарантиялар берилген башка кызматкерлер менен эмгек келишимин мыйзамсыз бузуу;

- эмгек келишимин түзбөстөн ишке тартуу;

- жамааттык сүйлөшүү жүргүзүүдөн иш берүүчүнүн бир тараптуу баш тартуу -

иш берүүчүнүн ыйгарым укук берилген кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Иш берүүчүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу:

- жумушка алууда башка талапкерлерге салыштырмалуу кошумча сыноолорду белгилөөсү;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мөөнөттөн ашык ишке, түнкү убакытта жана дем алыш күндөрү ишке алардын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз тартуусу;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга жеке реабилитациялоо программасына ылайык келген жумуш ордун түзүп берүүдөн баш тартуусу;

- башка кызматкерлерге салыштырмалуу эмгек акысын негизсиз азайтуусу;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген иштеген адамды жазуу жүзүндөгү макулдугусуз иш сапарга жөнөтүү;

- МСЭК корутундусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын саламаттыгынын абалы кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоол болгон же болбосо саламаттыгына жана эмгек коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, анын макулдусуз жана майыптыгынын жүйөсү боюнча башка жумушка которуусу;

- ушул уюмда кырсыктын же кесиптик оорунун кесепетинен майыптыкты алган кызматкер үчүн жумуш ордун бөлүп берүүдөн же түзүүдөн баш тартуусу, -

иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, - иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-71)  
Кийинки берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-73)
