# 661-статья. Үй-бүлөгө же жетим балдар мекемелерине тарбиялоого берүүгө муктаж болгон жашы жетпеген балдар же ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар тууралу маалыматтарды берүүнүн тартибин же мөөнөттөрүн бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 661-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-661

---

Ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар турган мекеменин кызмат адамдары же аткаруу бийлик органдарынын, болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан үй-бүлөгө алууга, камкорчулук кылууга (көзөмөлчүлүккө) же багып алуучу үй-бүлөгө, болбосо жетим балдардын же ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдардын мекемесине (балдар мекемесине) тарбиялоо үчүн өткөрүп берүүгө муктаж болгон жашы жетпеген балдар тууралу маалыматтарды берүүнүн тартибинин же мөөнөттөрүнүн бузулушу, ошондой эле ушундай жашы жетпеген балдар тууралу алдынала билүү менен такталбаган маалыматтарды берүү, - ондон он бешке чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет. Ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар турган мекеменин кызмат адамдары, же аткаруу бийлик органдарынын, болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жашы жетпеген баланы үй-бүлөгө тарбиялоо үчүн (асырап алууга) берүүгө, камкорчулук кылууга (көзөмөлчү болууга) (же багып алуучу үй-бүлөгө) же жетим балдар, болбосо ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар мекемесине берүүдөн жашырып калуу аракеттеринин жасалышы, - жыйырмадан отузга чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-66)  
Кийинки берене: [662-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-662)
