# 65-1-статья. Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу жана алардын өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата талаптарды сактабоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-65-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 65-1-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-65-1

---

Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-аклактык өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактабоо, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн бешке чейинки, кызмат адамдарына - бештен онго чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн жүз элүүгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалганда, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон он бешке чейинки, юридикалык жактарга - жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-65)  
Кийинки берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-66)
