# 6342-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу шарттары

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июля 2015 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111195)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920439..920440>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-6342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 6342-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6342

---

1. Укук бузуучулар коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып коомдук иштерди аткаруу үчүн ички иштер органдарына үч күндүн ичинде келүүгө, коомдук иштер аткарыла турган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ички тартип эрежелерин сактоого, ишке ак ниеттүү мамиле кылууга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрацияларынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, сот белгилеген коомдук иштердин мөөнөтүн иштеп бүтүүгө, жашаган жерин алмаштыргандыгы жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүгө милдеттүү.

2. Коомдук иштердин бир суткадагы узактыгы төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:

1) иштебеген укук бузуучулар үчүн - сегиз сааттан;

2) иштеген укук бузуучулар жана окуучулар үчүн - төрт сааттан.

3. Укук бузуучуга негизги иштеген жери боюнча кезектеги эмгектик өргүү берүү коомдук иштерди аткарууну токтотпойт.

4. Жүйөөлүү себептер болгондо, ички иштер органдары укук бузуучуларга бир жуманын ичинде азыраак сандагы сааттарды иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу.

5. Укук бузуучу коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып коомдук иштердин мөөнөтүн эки айдан кечиктирбестен иштеп бүтүүгө тийиш.

6. Укук бузуучу коомдук иштерди аткаруучу жер боюнча ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясына укук бузуучулар өздөрүнө аныкталган иштерди аткаргандыгын контролдоо, иштелип бүткөн убакыттын эсебин алуу, иштелип бүткөн сааттардын саны жөнүндө, укук бузуучулар коомдук ишти аткаруудан баш тарткандыгы тууралуу ички иштер органдарына кабарлоо, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу милдети жүктөлөт.

7. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдары коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун чечимин аткарбагандыгы ушул Кодекстин 422-статьясына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2015-жылдын 13-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6341-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6341)  
Кийинки берене: [6343-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6343)
