# 6341-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июля 2015 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111195)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920439..920440>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-6341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 6341-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6341

---

1. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому - укук бузуучулардын жашаган жери боюнча ички иштер органдарына, ал эми туруктуу жашаган жери жок адамдарга карата укук бузуу жасалган жер боюнча жөнөтүлөт.

2. Коомдук иштердин түрлөрүнүн жана аларды аткаруу объекттеринин тизмеги аймактык ички иштер органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

3. Укук бузуучулар соттун тиешелүү токтому ички иштер органдарына келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен коомдук иштерге тартылат.

4. Ички иштер органдары укук бузуучуларга коомдук иштерди аткаруу тартибин жана шарттарын, коомдук иштерди аткаруудан баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрөт, укук бузуучуларды коомдук иштерди аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктаган объекттерге жөнөтөт, иштеп бүткөн убактысын эсепке алат жана алар объекттердеги коомдук иштерди аткарышын контролдойт.

(КР 2015-жылдын 13-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [634-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-634)  
Кийинки берене: [6342-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6342)
