# 633-статья. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгаруу жөнүндө токтомдун аткарылышы

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 633-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-633

---

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгаруу жөнүндө токтом чек ара кызматынын органдары, ички иштер органдары тарабынан аткарылат. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгаруу жөнүндө токтомду аткаруу чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды аймагына ошол адам чыгарылып жаткан чет мамлекеттин бийлик өкүлүнө расмий түрдө берүү жолу менен же чыгарылып жаткан адамдын Кыргыз Республикасынан өз алдынча чыгып кетишин контролдоо жолу менен жүргүзүлөт. Эгерде чыгарылып жаткан адамды чет мамлекеттин өкүлүнө берүү Кыргыз Республикасынын ошол чет мамлекет менен түзгөн келишиминде каралбаса, чыгарып жиберүү чек ара кызматы аныктаган жерде ишке ашырылат. Эгерде чыгарып жиберүү ошол мамлекет менен Кыргыз Республикасынын келишиминде каралса, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунан чыгарып жиберүү туурасында аймагына (аймагы аркылуу) көрсөтүлгөн адам чыгарылып жаткан чет мамлекеттин бийликтерине маалымат берилет. Администрациялык чыгарып жиберүү жөнүндө токтомдун аткарылышы эки тараптуу же бир тараптуу акт түрүндө толтурулуп, токтомго тиркелип коюлат.

---

Мурунку берене: [632-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-632)  
Кийинки берене: [634-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-634)
