# 630-статья. Администрациялык камоо жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөттөрү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 апреля 2015 года № 90 "О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111133)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920436..920437>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-630.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 630-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-630

---

Администрациялык камоо жөнүндө токтом ал чыгарылгандан кийин токтоосуз аткарылат. Администрациялык камоо жөнүндө токтомду аткаруу администрациялык камоого дуушар болгон адамдын администрациялык камоодо болуусуна тоскоолдук кылуучу оорусу, жаракаты же майыптыгы бар экени тууралуу медициналык корутундунун негизинде, ошондой эле өзгөчө жеке жагдайлар (жакын тууганы катуу ооруп калган же каза болгон же болбосо администрациялык камоого дуушар болгон адамга же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтирилген өзгөчө кырдаал) келип чыккан учурда судья тарабынан үч суткалык мөөнөткө чейин токтотула турушу же токтотулушу мүмкүн. Администрациялык камакты токтото туруунун мөөнөтү администрациялык камакта болуу мөөнөтүнө эсептелбейт. Ага карата администрациялык камоо жөнүндө токтомдун аткарылышы токтотулган адам белгиленген мөөнөттө администрациялык камакта болуу ордуна кайтып келүүдөн баш тарткан учурда, көрсөтүлгөн адам администрациялык камоодо болуу ордуна өткөрүлүп берилгенге чейин ички иштер органдары тарабынан кармалууга тийиш. (КР 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [629-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-629)  
Кийинки берене: [631-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-631)
