# 625-статья. Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жөнүндө токтомду аткаруу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 января 2015 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205449)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.01.2015 [Закон КР от 28 января 2015 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205449); 16.12.2011 [Закон КР от 16 декабря 2011 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203504)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920428..920429>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-625>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-625.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 625-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-625

---

Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) чечими жөнүндө токтом сот (судья) же Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш органы (кызмат адамы) тарабынан өз компетенциясынын чектеринде кабыл алынат. Курулуш ишин токтото туруу жөнүндө токтомдун аткарылышы курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксатты чакырып алуу жолу менен жүргүзүлөт. Объектти алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бир бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте демонтаждоого чыгымдар каржыланганда түздөн-түз сот аткаруучулары тарабынан ишке ашырылат. (КР 2011-жылдын 16-декабрындагы № 240, 2015-жылдын 28-январындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [624-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-624)  
Кийинки берене: [626-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-626)
