# 624-статья. Айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүүгө жөнөтүү туурасында токтомду аткаруу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2014 года № 73 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920414..920417>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-624>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-624.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 624-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-624

---

Айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүүгө жөнөтүү чечими туурасында токтом мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармаларынын, бөлүмдөрүнүн (бөлүчөлөрүнүн) башчылары жана алардын орун басарлары, ал эми мамлекеттик автоинспекция бөлүмдөрү (бөлүмчөлөр) болбогон жерде - райондук ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары тарабынан кабыл алынат. Айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүүгө жөнөтүү жөнүндө токтомду экзамен тапшыруу жолу менен аткаруу транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каттоочу-экзамен алуучу бөлүмдөрүнө жүктөлөт. Жол кыймылынын эрежелеринен экзамен тапшыргандан кийин айдоочуга транспорт каражатын башкаруу укугу кайтарылып берилет. Техникалык транспорт каражаттарынын, айыл чарба машиналарынын жана механизмдеринин айдоочуларын (механизаторлорду) Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүүгө жөнөтүү туурасында чечим кабыл алуу жана ал токтомду аткаруу Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясынын органдары тарабынан ишке ашырылат. (КР 2014-жылдын 22-майындагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6231-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6231)  
Кийинки берене: [625-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-625)
