# 622-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-622>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-622.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 622-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-622

---

1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу, эгерде айдоочу транспорт каражаттарынын бардык түрлөрүн башкаруу укугунан ажыратылса, айдоочулук ырастаманы алып коюу жолу менен жүргүзүлөт.

Эгерде айдоочу транспорт каражаттарынын бардык түрлөрүн башкаруудан ажыратылбаса, анда айдоочулук ырастамада ал транспорт каражаттарынын кайсы түрлөрүн башкаруу укугунан ажыратылгандыгы белгиленет.

2. Эгерде транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу айдоочулук ырастаманы берүүдөн баш тарткан учурда айдоочулук ырастаманы алып коюу ички иштер органдары тарабынан мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт.

3. Чакан кемелерди башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо органы тарабынан чакан кемелерди башкаруу укугуна күбөлүктү алып коюу жолу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [620-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-620)  
Кийинки берене: [623-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-623)
