# 620-статья. Иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу жөнүндө токтомдун аткарылышы

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 620-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-620

---

Иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу жөнүндө токтом мыйзамга ылайык иштин ошол көрсөтүлгөн түрүнө лицензия берүү укугу берилген орган (кызмат адамы) тарабынан аткарылат. Иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу жөнүндө токтомдун аткарылышы лицензиясын (уруксатын) чакырып алуу жолу менен жүргүзүлөт. 621-статья. Атайын укуктан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу Ок атуучу куралдарды сактоо укугунан ажыратуу жөнүндө токтомдун аткарылышын ушул Кодекстин 511-статьясынын экинчи абзацында көрсөтүлгөн ички иштер органдарынын кызмат адамдары ишке ашырат. Транспорт каражаттарын (техникалык, айыл чарбалык транспорт каражаттарынан тышкары) башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом ушул Кодекстин 511-статьясынын экинчи, алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн ички иштер органдарынын кызмат адамдары тарабынан аткарылат. Аңчылык кылуу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом ушул Кодекстин 526-статьясында көрсөтүлгөн курчап турган чөйрөнү коргоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан аткарылат. Чакан кемелерди башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом ушул Кодекстин 526-статьясында көрсөтүлгөн курчап турган чөйрөнү коргоо органынын чакан кемелер боюнча инспекциясынын кызмат адамдары тарабынан аткарылат. Техникалык (айыл чарбалык) транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом ушул Кодекстин 522-статьясында каралган Башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын кызмат адамдары тарабынан аткарылат.

---

Мурунку берене: [619-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-619)  
Кийинки берене: [622-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-622)
