# 616-статья. Юридикалык жакка администрациялык айып салуу жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-616>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-616.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 616-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-616

---

1. Ушул Кодекстин 614-статьясында каралган мөөнөттө администрациялык айып төлөнбөгөндө, администрациялык айып салуу жөнүндө токтом, аны чыгарган сот (судья), же орган (кызмат адамы) тарабынан юридикалык жактын акчалай каражаттарынан же кирешелеринен ал жактын эсебинен чегерүү жолу менен банкка же башка кредиттик мекемеге жиберилет.

2. Банк же башка кредиттик мекеме администрациялык айыптын суммасын администрациялык айып салуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн банктын тиешелүү мекемесине которууга милдеттүү.

3. Юридикалык жактын эсебинде акчалай каражаттар жок болгон учурда айыптын суммасын мажбурлап өндүрүү жөнүндө токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, юридикалык жактын мүлкүнө багыттоо үчүн сот аткаруучусуна жиберилет.

---

Мурунку берене: [615-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-615)  
Кийинки берене: [617-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-617)
