# 615-статья. Жеке адамга администрациялык айып салуу жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-615>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-615.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 615-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-615

---

1. Ушул Кодекстин 614-статьясында каралган мөөнөттө администрациялык айып төлөнбөгөндө, администрациялык айып салуу жөнүндө токтом чыгарган судья, орган (кызмат адамы) тарабынан жоопкерчиликке тартылган адам иштеген ишкананын, мекеменин же уюмдун администрациясына, же болбосо акчалай сыйлык, пенсия же стипендия алган администрацияга айыптын суммасын анын эмгек акысынан же кирешелеринин башка түрүнөн мажбурлоо тартибинде кармап алуу үчүн жиберилет. Администрациялык айыпты кармап алуу бир айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт. Администрациялык айыпты өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси тарабынан каралган тартипте жүргүзүлөт.

2. Жоопкерчиликке тартылган адам ишинен бошотулган, же болбосо администрациялык айыпты анын эмгек акысынан же башка кирешелеринен өндүрүп алуу мүмкүн болбогон учурда ишкана, мекеме же уюм бошотулган же өндүрүп алуунун мүмкүн эместигине алып келген окуя болгон күндөн тартып, он күндүк мөөнөттө жоопкерчиликке тартылган адамдын жаңы иштеген жерин (эгерде ал белгилүү болсо), өндүрүп алуунун мүмкүн эместигинин себептерин көрсөтүү менен, ошондой эле кармап алуунун жүргүзүлгөндүгү жөнүндө (эгерде андайлар жүргүзүлсө) белги менен токтом чыгарган сотко (судьяга), же органга (кызмат адамына) администрациялык айып салуу жөнүндө токтомду кайтарып берет.

3. Эгерде администрациялык айып салынган адам иштебесе же администрациялык айыпты анын эмгек акысынан же башка кирешелеринен өндүрүп алууга мүмкүн болбосо, айып анын мүлкүнө салынат, администрациялык айып салынгандыгы жөнүндө токтом, аны чыгарган сот (судья), же орган (кызмат адамы) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн сот аткаруучусуна жиберилет.

---

Мурунку берене: [614-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-614)  
Кийинки берене: [616-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-616)
