# 610-статья. Администрациялык жаза-чара көрүү жөнүндө токтомду аткаруу менен байланышкан маселелерди чечүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 610-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-610

---

1. Администрациялык жаза-чара көрүү жөнүндө токтомдун аткарылышын кийинки мөөнөткө калтыруу же кыскартуу, ошондой эле, жашы жетпегендерге салынган администрациялык айыпты анын ата-энесинен же алардын ордун баскан адамдардан өндүрүп алуу жөнүндө маселелер токтом чыгарган сот (судья), орган (кызмат адамы) тарабынан тиешелүү маселени чечүү үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө каралат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселелерди чечүүгө тиешеси бар адамдарга кароонун орду жана убактысы жөнүндө кабарланат. Мында ишке тиешеси бар адамдардын жүйөлүү себептерсиз келбей коюшу, тиешелүү меселелерди чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Администрациялык камоону өтөөдөн баш тартуу жөнүндө маселени кароодо администрациялык камоого дуушар болгон адамдын катышуусу милдеттүү болуп саналат.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү токтом түрүндө кабыл алынат.

611-статья. Администрациялык жаза-чара көрүү жөнүндө токтомдун аткарылышын кийинки мөөнөткө калтыруу жана мөөнөтүн бөлүп кийинкиге калтыруу Айрым бир жагдайлардын натыйжасында администрациялык камоо, атайын укуктардан ажыратуу же администрациялык айып (администрациялык укук бузуу жасалган жердеги айып алууну албаганда) түрүндөгү администрациялык жаза-чараларды көрүү жөнүндө токтомду белгиленген мөөнөттө аткаруу мүмкүн болбогондо, токтом чыгарган сот (судья), же орган (кызмат адамы) токтомдун аткарылышын бир айга чейинки мөөнөткө узарта алат. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын материалдык абалын эске алуу менен айыпты төлөө токтом чыгарган сот (судья), же орган (кызмат адамы) тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө бөлүп, кийинки мөөнөткө калтырылышы мүмкүн. 612-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомдун мыйзамдуу күчүнө кириши Эгерде токтомго даттануу түшпөсө, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. Даттануу түшкөндө же токтом берилгенде, эгерде ал алынып ташталбаган болсо, иш ушул Кодекстин 508-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш боюнча жогору турган орган (кызмат адамы), судья же жогору турган сот жана сотко тикеден-тике караштуу орган тарабынан каралгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [609-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-609)  
Кийинки берене: [613-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-613)
