# 609-статья. Администрациялык жаза-чара көрүү жөнүндө токтомдун аткарылышынын эскириши

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920381..920388>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 609-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-609

---

1. Эгерде администрациялык жаза салуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде аткарылбаган болсо, ал аткарылууга жатпайт.

Эгерде ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген айып түрүндөгү администрациялык жаза салуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жылдын ичинде аткарылбаган болсо, ал аткарылууга жатпайт.

2. Эгерде администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам аны аткаруудан качса, ушул статьянын 1-пунктунда каралган эскирүү мөөнөтүнүн жылышы токтотулат. Бул учурда эскирүү мөөнөтүн эсептөө бул адам табылган күндөн тартып башталат.

3. Ушул Кодекстин 611-статьясына ылайык токтомдун аткарылышы кийинки мөөнөткө калтырылган учурда, эскирүү мөөнөтүнүн жылышы кийинкиге калтыруу мөөнөтү аяктаганга чейин токтотулат, ал эми токтомдун аткарылышынын мөөнөтү бөлүнүп, кийинки мөөнөткө калтырылганда, эскирүү мөөнөтүнүн жылышы бөлүнүп, кийинкиге калтыруунун мөөнөтүнө узартылат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [608-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-608)  
Кийинки берене: [610-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-610)
