# 6021-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын жаңы чечимин кабыл алуунун негиздери жана тартиби

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 6021-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6021

---

Эгерде жергиликтүү сот тарабынан соттук акт чыгарылып, бирок материалдык жана процесстик укук ченемдерин колдонууда каталыкка жол берилсе, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча жаңы чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана администрациялык укук бузуу иши боюнча өндүрүштү кыскартууга;

2) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим чыгарууга.

Тиешелүү түрдө кабарланган укук бузуучунун же жабырлангандын жүйөлүү себепсиз сот заседаниесине келбей коюшу администрациялык иш боюнча жаңы чечим кабыл алууга тоскоолдук кылбайт. (КР 2004-жылдын 2-августундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [602-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-602)  
Кийинки берене: [603-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-603)
