# 602-статья. Сот тарабынан көзөмөл тартибинде кабыл алынуучу чечимдер

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2004 года № 102 "О внесении изменений и дополнений в кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1501)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920311..920312>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 602-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-602

---

Көзөмөл инстанциясынын соту (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы) ишти көзөмөл тартибинде карап чыгат жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жергиликтүү соттун соттук актысын (соттук актыларын) күчүндө, ал эми даттанууну же көрсөтүүнү - канааттандыруусуз калтырууга;

2) иш боюнча мурда кабыл алынган актылардын бирин күчүндө калтырууга жана калган соттук актыларды жокко чыгарууга;

3) жергиликтүү соттордун соттук актыларына өзгөртүүлөр киргизүүгө;

4) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотууга;

5) көзөмөл өндүрүшүн токтото турууга жана мыйзамга расмий чечмелөө берүү жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберүүгө, мыйзамдын конституциялуулугун текшерүүү жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Рөспубликасынын Конституциялык сотуна жиберүүгө;

6) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга;

7) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана соттун иштин маңызы боюнча чечими жок болгондо ишти жаңыдан кароого тиешелүү жергиликтүү сотко берүүгө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2, 3, 4, 6-пункттарынын негизинде токтом түрүндө ошол эле бөлүктүн 5 же 7-пунктунун негизинде аныктама түрүндө чыгарылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын көзөмөл тартибиндө кабыл алынган актылары даттанылууга жатпайт. (КР 2004-жылдын 2-августундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [601-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-601)  
Кийинки берене: [6021-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6021)
