# 601-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген токтомдордун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2004 года № 102 "О внесении изменений и дополнений в кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1501)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920311..920312>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-601>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-601.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 601-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-601

---

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген токтомду соттук көзөмөл тартибинде кайра кароого токтом ага карата чыгарылган адамдын, жабырлануучунун даттануулары боюнча, ошондой эле прокурордун көрсөтүүсү боюнча ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде жол берилет. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш сот көзөмөлү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан үч судьянын курамына ишке тиешеси бар адамдарга кабарлоо менен каралат, бирок алардын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук болуп саналбайт Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын соттук курамы Жогорку соттун Төрагасы же анын орун басары тарабынан аныкталат. (КР 2004-жылдын 2-августундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6003-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6003)  
Кийинки берене: [602-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-602)
