# 6002-статья. Областтык же ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан райондук (шаардык) соттун судьясынын администрациялык укук бузуу жөнүидө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кире элек токтомуна апелляциялык тартипте даттануунун каралышы

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 6002-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6002

---

1. Райондук (шаардык) соттун администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кире элек токтомуна даттанууну карап чыгып, областтык же ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук буэуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы үч судьянын курамында апелляциялык (экинчи) инстанциядагы сот катары иштеп төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) токтомду өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну көрсөтүүнү - канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;

2) токтомду өзгөртүү жөнүндө;

3) токтомду жокко чыгаруу жана жаңы чечим кабыл алуу жөнүндө.

Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом, аныктама түрүндө чыгарылат жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча токтомдун, аныктаманын көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, өтүнүчү боюнча - жабырлануучуга жиберилет. (КР 2004-жылдын 2-августундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6001-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6001)  
Кийинки берене: [6003-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-6003)
