# 594-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө даттануу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742); 20.11.2008 [Закон КР от 20 ноября 2008 года № 239 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205051); 11.06.2004 [Закон КР от 11 июня 2004 года N 71 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1457)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920381..920388>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 594-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-594

---

1. Ага карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүзөгө ашырылып жаткан адам, администрациялык укук бузуу менен дене боюна, мүлктүк же моралдык зыян келтирилген жабырлануучу жогору турган органга (жогору турган кызмат адамына) же сотко даттануу бере алат , ал эми ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө макул болбогон учурда, даттануу түздөн түз сотко берилет.

2. Юридикалык же жеке жактын жактын өкүлүнүн талабы боюнча ага иши боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун чаралары колдонулган адамдын, ошондой эле жабырланган тараптын кызыкчылыгында укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон тиешелүү протоколдордун жана башка материалдардын көчүрмөлөрү токтоосуз тапшырылат.

3. Даттанууну кароонун натыйжасы боюнча даттанууну канааттандыруу жөнүндө, же аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алынат.

4. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун көрүлгөн чараларына жогору турган органга (жогору турган кызмат адамына) даттануу көрсөтүлгөн чараларды колдонууга сотко кайталап даттануу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

5. Кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери тарабынан келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси жана Жарандык-процессуалдык кодекси тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык орду толтурулууга тийиш.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 71, 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 239, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [593-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-593)  
Кийинки берене: [595-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-595)
