# 590-статья. Токтомдордун түрлөрү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 мая 2012 года № 48 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203648)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920377..920380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-590>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-590.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 590-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-590

---

Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап, администрациялык орган төмөнкү токтомдордун бирин кабыл алат:

1) администрациялык жаза чара көрүү жөнүндө;

2) ишти кыскартуу жөнүндө;

3) ушул администрациялык укук бузуу үчүн башка түрдөгү же өлчөмдөгү администрациялык жаза чараны көрүүгө укуктуу судьянын же, органдын (кызмат адамынын) кароосуна өткөрүп берүү, ошондой эле ишти транспорт каражатын (кемени, анын ичинде чакан кемени) эсепке алуунун орду боюнча кароого өткөрүп берүү жөнүндө.

Ишти кыскартуу жөнүндө токтом оозеки сын-пикир жарыяланганда, материалдар жашаган, иштеген жана окуган жери боюнча Аксакалдар сотунун же болбосо ушул Кодекстин 549-статьясында каралган жагдайлар болгондо прокурордун, териштирүү же тергөө органынын кароосуна өткөрүлүп берилгенде кабыл алынат. (КР 2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [589-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-589)  
Кийинки берене: [591-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-591)
