# 586-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун тартиби

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920381..920388>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 586-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-586

---

1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого киришип, сот (судья), орган (кызмат адамы):

1) ишти ким карарын, кайсы иш каралууга тийиш экендигин, ким, кайсы мыйзамдын негизинде жоопко тартыларын жарыялайт;

2) ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жеке жактын же жеке жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка адамдардын келүүсү ырасталат;

3) иш боюнча өндүрүшкө катышуучулардын инсанын тактайт жана жеке же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочунун жана ыйгарым укук берилген өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет;

4) иш боюнча өндүрүшкө катышуучулардын келбегендигинин себептерин тактайт жана көрсөтүлгөн адамдар жокто ишти кароо жөнүндө, же болбосо ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим чыгарат;

5) зарыл учурларда ишти кароодо анын катышуусу милдеттүү болуп саналган адамды айдап келүү жөнүндө аныктама чыгарат;

6) ишти кароого катышуучу адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

7) билдирилген баш тартууларды жана өтүнүчтөрдү чечет;

8) администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду, ал эми зарыл болгондо, иштин башка материалдарын жарыялап окуйт.

2. Иш боюнча ага карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жактын түшүндүрмөсү, иш боюнча өндүрүшкө катышуучу башка адамдардын, адистин көрсөтүүлөрү жана эксперттин корутундусу угулат, башка далилдер изилденет, ал эми ишти кароого прокурор катышкан учурда анын корутундусу угулат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [585-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-585)  
Кийинки берене: [587-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-587)
