# 585-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун мөөнөттөрү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920419..920420>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-585.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 585-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-585

---

1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш судья, ишти кароого укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол жана иштин башка материалдары алынган күндөн тартып, он күндүк мөөнөттө каралат.

2. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүчтөр келип түшкөн учурларда, же болбосо иштин жагдайларын кошумча тактоо зарыл болгондо, ишти кароонун мөөнөтү ишти кароочу судья, орган (кызмат адамы) тарабынан узартылышы, бирок он күндөн ашык эмес узартылышы мүмкүн.

3. Аны жасоо администрациялык камак түрүндө администрациялык жаза колдонулушу мүмкүн болгон администрациялык укук бузуу жөнүндө иш, администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол жана иштин материалдары каралган күнү, бирок адам кармалган учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбестен каралат.

(КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [584-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-584)  
Кийинки берене: [586-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-586)
