# 583-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоодо сот (судья), же орган (кызмат адамы) тарабынан чыгарылуучу чечим

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 583-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-583

---

1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоодо сот (судья), же орган (кызмат адамы) төмөнкүдөй чечим чыгарат:

1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;

2) адамдарды чакыртуу, иш боюнча зарыл кошумча материалдарды суратып алуу, экспертизаны дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө;

4) протокол жана иштин башка материалдары укугу жок адамдар тарабынан түзүлгөн жана таризделген, протокол жана иштин башка материалдары туура эмес түзүлгөн жана таризделген, же болбосо берилген материалдар ишти кароодо толукталышы мүмкүн эместей толук болбогон учурларда администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берүү жөнүндө;

5) эгерде ушул ишти кароо өз компетенциясына кирбесе, же болбосо судьядан, кызмат адамынан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылса, администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын ведомстволук караштуулук боюнча кароого өткөрүп берүү жөнүндө;

6) ушул Кодекстин 549-статьясында каралган жагдайлар бар болгондо өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

2. Ушул статьянын биринчи пунктунун 1-5-пунктчасында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.

3. Ушул статьянын биринчи пунктунун 6-пунктчасында каралган чечим токтом түрүндө чыгарылат.

---

Мурунку берене: [580-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-580)  
Кийинки берене: [584-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-584)
