# 580-статья. Жабырлануучунун, күбөнүн, эксперттин, тилмечтин же күбө-калыстын чыгымдарынын ордун толтуруу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-580>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-580.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 580-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-580

---

Жабырлануучуга, күбөгө, экспертке жана тилмечке алардын сотко (судьяга), органга (кызмат адамына) келүүсүнө байланыштуу тарткан чыгымдарынын, көрсөтүлгөн адамдардын жашаган же жүргөн жеринен иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу жерге барып келүүгө жол киресинин наркы, ал эми бул башка жерде жүрүү менен байланышкан учурда турак жай жалдоонун наркынын, ошондой эле суткалык чыгымдардын орду толтурулат, жабырлануучу, күбө, тилмеч, күбө-калыс катары чакырылган адамдарга администрациялык укук бузуу жөнүндө иш алардын өндүрүшүндө болгон сотко (судьяга), органга кызмат адамына келүүгө байланыштуу убакыт үчүн иштеген жери боюнча белгиленген тартипте орточо эмгек акысы сакталат. Эксперттин, тилмечтин, жабырлануучунун, күбөнүн, күбө-калыстын чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [579-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-579)  
Кийинки берене: [583-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-583)
