# 58-статья. Добуш берүүнүн жыйынтыктары же шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды бербөө же жарыялабоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 58-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-58

---

Шайлоо (референдум) өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын жаранына же чет өлкөлүк (эл аралык) байкоочуга таанышып чыгуу үчүн бербөөсү - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттердин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жасалышы - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы тарабынан жасалышы, ошого тете анын шайлоонун (референдумдун) натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо мөөнөттөрүн бузушу - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [571-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-571)  
Кийинки берене: [581-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-581)
