# 576-статья. Эксперт

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-576>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-576.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 576-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-576

---

Эксперт администрациялык укук бузуу жөнүндө иш анын өндүрүшүндө болгон орган (кызмат адамы) тарабынан атайын билимдердин зарылчылыгы келип чыккан учурда дайындалат. Эксперт чакыруу боюнча келүүгө жана ага берилген суроолорго калыс корутунду берүүгө милдеттүү. Эксперт:

1) экспертиза жүргүзүлүүчү буюмзатка тиешелүү иштин материалдары менен таанышууга;

2) корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды өзүнө берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү билдирүүгө;

3) администрациялык укук бузуу жөнүндө иш анын өндүрүшүндө болгон органдын (кызмат адамынын) уруксаты менен жоопкерчиликке тартылуучу адамга, күбөлөргө, жабырлануучуга экспертиза жүргүзүүнүн буюмуна тиешелүү суроолорду берүүгө;

4) ишти кароодо катышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [575-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-575)  
Кийинки берене: [577-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-577)
