# 574-статья. Күбө

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-574.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 574-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-574

---

1. Ошол факт боюнча белгиленүүгө тийиш болгон ар кандай жагдайлар ага белгилүү болушу мүмкүн болгон ар кандай адам администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча күбө катары чакыртылышы мүмкүн.

2. Он сегиз жаш курагына толо элек жашы жетпеген күбөнү суракка алууда педагогдун же психологдун катышуусу милдеттүү. Зарыл учурда суракка алуу андай күбөнүн мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

3. Иш анын өндүрүшүндө болгон органдын (кызмат адамынын) чакыруусу боюнча күбө көрсөтүлгөн убакта келүүгө, көрсөтүү берүүгө, иш боюнча ага белгилүү болгондордун баарын билдирүүгө жана коюлган суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.

4. Күбө иш анын өндүрүшүндө болгон судьянын, же органдын (кызмат адамынын) чакыруусу боюнча келүүдөн баш тарткан учурда ал судьянын, ушул Кодекстин 561-статьясына ылайык органдын (кызмат адамынын) аныктамасынын негизинде ички иштер органы (милиция) тарабынан мажбурлап айдап келүүгө дуушар болушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [573-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-573)  
Кийинки берене: [575-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-575)
