# 573-статья. Жабырлануучу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-573>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-573.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 573-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-573

---

Администрациялык укук бузуудан ага дене-боюна, мүлкүнө жана моралдык зыян келтирилген жеке же юридикалык жак жабырлануучу болуп саналат. Жабырлануучу иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүндүрмөлөрдү берүүгө, далилдерди келтирүүгө, өтүнүчтөрдү жана баш тартууларды билдирүүгө, өкүлү болууга, администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколго жана иш боюнча токтомго даттанууга, ушул Кодекс тарабынан ага берилген процессуалдык башка укуктардан пайдаланууга укуктуу. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш жабырлануучунун катышуусу менен каралат. Иш ал жокто ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө ага тиешелүү түрдө маалымдалгандыгы жөнүндө маалыматтар бар учурда гана каралышы мүмкүн. Жабырлануучу ушул Кодекстин 574-статьясына ылайык күбө катарында суралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [572-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-572)  
Кийинки берене: [574-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-574)
