# 572-статья. Коргоочу, өкүл жана адвокат

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-572>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-572.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 572-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-572

---

Администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштө коргоочу, ал эми жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өкүл катышышы мүмкүн. Коргоочу же өкүл болууга адвокатка жол берилет. Адвокаттын ыйгарым укуктары юридикалык консультация же болбосо акы төлөнүүчү юридикалык кызматтарды көрсөтүүчү башка уюм тарабынан берилген ордер менен ырасталат. Юридикалык жардам көрсөтүүчү башка адамдардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каты тарабынан ырасталат. Коргоочуга жана өкүлгө ишке катышууга администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу жеке жак администрациялык жактан кармалган же администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып катышууга жол берилет. Коргоочу жана өкүл иштин бардык материалдары менен таанышууга, далилдерди келтирүүгө, өтүнүчтөрдү жана баш тартууларды билдирүүгө, ишти кароого катышууга, иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун колдонулган чараларына, иш боюнча токтомго даттанууга, ушул Кодекс тарабынан ага берилген процессуалдык башка укуктардан пайдаланууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [571-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-571)  
Кийинки берене: [573-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-573)
