# 570-статья. Укук бузуучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 октября 2014 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205369)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.10.2014 [Закон КР от 25 октября 2014 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205369); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920424..920425>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-570.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 570-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-570

---

Администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адам иштин материалдары менен таанышууга, түшүндүрмөлөрдү берүүгө, далилдерди келтирүүгө, өтүнүчтөрдү билдирүүгө, администрациялык кармоо жөнүндө туугандарына жана жакындарына маалымдоого, адвокаттын юридикалык жардамынан пайдаланууга, эне тилинде же билген тилде чыгып сүйлөөгө жана, өндүрүш жүргүзүлүп жаткан тилди билбесе, тилмечтин кызматынан пайдаланууга, иш боюнча токтомго даттанууга укуктуу. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамдын катышуусу менен каралат. Ал ушул Кодекстин 231-1-статьясында жана 559-статьясынын 3-пунктунда каралган же адам жокто ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө ага өз убагында кабарлоо тууралу маалыматтар болгон учурларда жана эгерде ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө андан өтүнүч келип түшпөгөн учурларда гана иш каралышы мүмкүн. Ал соттун же ички иштер органынын чакыруусу боюнча келүүдөн баш тарткан учурда ушул Кодекстин 561-статьясында каралгандай мажбурлап айдап келүүгө дуушар болушу мүмкүн. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [569-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-569)  
Кийинки берене: [571-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-571)
