# 567-статья. Буюмдарды жана документтерди алып коюу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2015 года № 211 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111255)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 211 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111255); 19.05.2015 [Закон КР от 19 мая 2015 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111148); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742); 04.08.2008 [Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202399); 05.08.2003 [Закон КР от 5 августа 2003 года № 191 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1317); 28.06.2003 [Закон КР от 28 июня 2003 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1248)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920447..920448>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-567>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-567.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 567-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-567

---

Кармоодо, жекече карап чыгууда же буюмдарды карап чыгууда табылган укук бузуунун куралы же тике объекти болуп саналган буюмдар жана документтер ушул Кодекстин 27-статьясынын сегизинчи пунктунда каралган ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан алынып коюлат. Алынып коюлган буюмдар жана документтер буюмдарды жана документтерди алып коюу жүргүзүүгө укук берилген органдар тарабынан аныкталган жерлерде администрациялык укук бузуу жөнүндө иш каралганга чейин, ал эми иш каралгандан кийин аны кароонун натыйжаларына жараша сакталат, алар белгиленген тартипте конфискацияланат же ээсине кайтарылып берилет, же болбосо жок кылынат. Буюмдарды жана документтерди алып койгон учурларда бул жөнүндө протокол түзүлөт, же болбосо администрациялык укук бузуу жөнүндө, алып коюлган буюмдарды жана документтерди көрсөтүү менен карап чыгуу же администрациялык кармоо жөнүндө протоколдорго тиешелүү жазуу жазылат. Жол кыймылынын коопсуздугуна жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого шек келтирген, ошондой эле жол жүрүү үчүн жыйым төлөө эрежелерин бузуу менен байланышкан, ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жасалганда, ал үчүн төмөнкүдөй администрациялык жазалардын бири: айып, транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу, администрациялык камакка алуу колдонулушу мүмкүн болгондо - айдоочудан администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом аткарыла турган мөөнөткө айдоочунун күбөлүгү алып коюлат жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берилет, ал жөнүндө администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пункту менен каралган тартипте чыгарылган токтомдо жазылат. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом сот тарабынан чыгарылган учурларда айдоочунун күбөлүгү кайра кайтарылбайт, ал эми убактылуу уруксаттын күчү даттанууну берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин же даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин узартылат. Транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоо күбөлүгүнүн жоголгону боюнча берилген убактылуу талон боюнча транспорт каражатын башкарган айдоочу тарабынан администрациялык укук бузуу жасалганда, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан убактылуу талонду алып коюу жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берүү менен администрациялык протокол түзүлөт, уруксаттын күчү убактылуу талондун колдонулушунун мөөнөтүнөн ашпайт. Алып коюулган убактылуу талон администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан, айып акынын жана (же) туумдун суммасы, анын ичинде мурда салынган жана өндүрүлбөгөн айыптар боюнча суммалар өндүрүлгөндөн кийин ээсине кайра кайтарылат. Адамды транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратканда убактылуу талон кайра кайтарылбайт. Ушул Кодекстин 140, 149, 377-379, 382-статьяларында каралган укук бузуулар жасалган учурда милиция кызматкерлери жана аңчылыктын жана балык уулоонун эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу органдар ок атуучу куралды, ошондой эле ок-дарыларды ишти караганга чейин алып коюуга укуктуу, ал жөнүндө алып коюлган куралдын маркасын же моделин, калибрин, сериясын жана номерин, ок-дарылардын санын жана түрүн көрсөтүү менен протоколго жазуу жазылат. Кызматтык милдеттерди аткарууда укук бузган адамга карата алып коюу, жекече карап чыгуу жана буюмдарын карап чыгуу кечиктирүүгө болбогон учурларда гана колдонулат. Кайталап укук бузуу жасалганда транспорт каражатын убактылуу уруксат берүү боюнча башкарган айдоочуга карата убактылуу уруксат берүүсүн алып коюу менен администрациялык протокол түзүлөт, транспорт каражаты айыптык токтотуучу жайга коюлат. Алынып коюлган убактылуу уруксат берүү жана транспорт каражаты акыркы укук бузууга жол берилүү каралгандан жана ал үчүн администрациялык айып төлөнгөндөн кийин ээсине кайтарылып берилет. Убактылуу уруксат берүү администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдо көрсөтүлгөн күч аракеттин мөөнөтү (30 сутка) өткөндөн кийин узартылбайт. Ушул Кодекстин 140, 149, 377-379, 382-статьяларында каралган укук бузуулар жасалганда милициянын кызматкерлери, аң уулоо жана балык уулоо эрежелеринин сакталышына контроль жүргүзүүчү атайын ыйгарым укук берилген органдар атуучу куралды, ошондой эле ок-дарыларды иш каралганга чейин алып коюуга укуктуу, ал жөнүндө алынып коюлган куралдын маркасын же моделин, сайын (калибрин), сериясын жана номерин, ок-дарылардын санын жана түрүн көрсөтүү менен протоколго жазылат. Кызматтык милдеттерин аткарууда укук бузган адамга карата алып коюу, жеке өзүн жана буюмдарды карап чыгуу кечиктирүүгө болбогон учурларда гана колдонулат. (КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 121, 2003-жылдын 5-августундагы № 191, 2008-жылдын 4-августундагы № 185 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2015-жылдын 19-майындагы № 105, 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [566-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-566)  
Кийинки берене: [5671-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5671)
