# 566-статья. Жеке өзүн жана буюмдарын карап чыгуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 января 2015 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205449)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.01.2015 [Закон КР от 28 января 2015 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205449); 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 44 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205266); 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 115 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203715)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920428..920429>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 566-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-566

---

Жекече карап чыгуу андайга ыйгарым укук берилген ички иштер органдарынын, аскерлештирилген күзөттүн, жарандык авиациянын жана чек ара аскерлеринин, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан түздөн-түз каралган учурларда андайга ыйгарым укук берилген башка органдардын да кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жекече карап чыгуу андайга ыйгарым укук берилген бирдей жыныстагы адам тарабынан жекече каралып чыгылуучу менен жана ошол эле жыныстагы эки күбө-калыстын катышуусунда жүргүзүлүшү мүмкүн. Буюмдарды карап чыгуу андайга ыйгарым укук берилген ички иштер органдарынын, аскерлештирилген күзөттүн, жарандык авиациянын, чек ара аскерлеринин, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы жана айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан түздөн-түз каралган учурларда андайга ыйгарым укук берилген башка органдар тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. Буюмдарды, колго көтөрүүчү буюмзаттарды, жүктү, аңчылыктын жана балык уулоонун куралдарын, аң азыктарын жана башка буюмдарды карап чыгуу, эреже катары, алар анын менчигинде же ээлигинде болгон адамдын катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Кийинкиге калтырууга болбогон учурларда, көрсөтүлгөн буюмдар, буюмзаттар менчиктөөчү (ээлик кылуучу) жок, эки күбө-калыстын катышуусу менен каралып чыгылышы мүмкүн. Жекече карап чыгуу жана буюмдарды карап чыгуу жөнүндө протокол түзүлөт, же болбосо администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколго же администрациялык кармоо жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 115, 2014-жылдын 13-мартындагы № 44, 2015-жылдын 28-январындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [565-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-565)  
Кийинки берене: [567-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-567)
