# 564-статья. Администрациялык кармоону жүзөгө ашырууга укук берилген органдар

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2015 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111148)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2015 [Закон КР от 19 мая 2015 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111148); 28.01.2015 [Закон КР от 28 января 2015 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205449); 03.02.2014 [Закон КР от 3 февраля 2014 года № 25 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205247); 18.04.2013 [Закон КР от 18 апреля 2013 года № 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203860); 13.02.2013 [Закон КР от 13 февраля 2013 года № 14 "О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203821); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 136 "О внесении изменения и дополнения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203736); 12.12.2011 [Закон КР от 12 декабря 2011 года № 233 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203477); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446); 11.06.2004 [Закон КР от 11 июня 2004 года N 71 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1457); 11.06.2003 [Закон КР от 11 июня 2003 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1222)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920438..920439>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-564>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-564.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 564-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-564

---

Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан андайга ыйгарым укук берилген органдар (кызмат адамдары), атап айтканда:

1) майда бейбаштык, үй-бүлөлүк зомбулук жасалганда, тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартиби бузулганда, мыйзамсыз жол тоскондо, ишине тыюу салынган бирикмелерди түзүүнүн тартиби бузулганда, ага активдүү катышканда, өзгөчө абал шарттарында белгиленген талаптар бузулганда, милициянын кызматкерлеринин, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамдардын мыйзамдуу буйругуна жана талаптарына кыянаттык менен баш ийбегенде, товарларды жана башка буюмдарды мыйзамсыз сатканда, спирт ичимдиктерин коомдук орундарда ичкенде же адамдык ар-намысты жана коомдук адеп-аклакты мазактаган мас абалда коомдук орундарда көрүнгөндө, жол кыймылынын эрежелерин, аңчылык эрежелерин бузганда, сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же жөнөткөндө - ички иштер органдары;

2) салык мыйзамдары бузулганда - салык кызматынын же финансы полициясынын кызмат адамдары;

3) бажы органдарынын ишине шек келтирген администрациялык укук бузууларга жол берилгенде - бажы органынын кызмат адамдары;

4) айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары;

5) корголуучу объекттерге, башка мамлекеттик же коомдук мүлккө кол салуу менен байланышкан укук бузуулар жасалганда - аскерлештирилген күзөттүн кызмат адамдары;

6) экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (автомототранспорттон тышкары) кызмат адамдары;

7) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар же башка адамдар тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулганда - аскердик автомобиль инспекциясынын кызмат адамдары;

8) чек аралык режим же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттардагы режим бузулганда жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн - чек ара аскерлери;

8-1) сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же жөнөткөндө - баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары;

9) суу жана аба кемелеринин капитандары, - тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн;

10) мамлекеттик чек ара аркылуу жана стационардык ички посттордон өткөрүү пункттарында ачыкталган, эл аралык макулдашуулар жана транспорттук мыйзамдар бузулганда - автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 98, 2004-жылдын 11-июнундагы № 71, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2011-жылдын 12-декабрындагы № 233, 2012-жылдын 25-июлундагы № 136, 2013-жылдын 13-февралындагы № 14, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 53, 2014-жылдын 3-февралындагы № 25, 2015-жылдын 28-январындагы № 28, 2015-жылдын 19-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [563-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-563)  
Кийинки берене: [565-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-565)
