# 562-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу чаралары

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111318)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920450..920451>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-562>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-562.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 562-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-562

---

1. Администрациялык укук бузуу жасалган жерде аны түзүү мүмкүн болбогондо администрациялык укук бузууга бөгөт коюу, аны бузду деп шек саналгандын инсанын тактоо, администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү, ишти өз убагында жана туура кароону камсыз кылуу жана иш боюнча кабыл алынган токтомду аткаруу максатында ыйгарым укук берилген кызмат адамы өз ыйгарым укуктарынын чегинде администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун төмөнкү чараларын көрүүгө укуктуу:

1) укук бузуучуну администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн жерге алып келүүгө;

2) жеке жакты администрациялык кармоого;

3) айдап келүүгө;

4) жеке карап чыгууга жана транспорт каражатын, чакан кемени жана буюмдарды карап чыгууга;

5) документтерди жана буюмдарды алып коюуга;

6) транспорт каражатын же чакан кемени башкаруудан четтетүүгө жана анын мас абалын күбөлөндүрүүгө;

7) транспорт каражатын, чакан кемени кармоого.

8) транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга.

2. Юридикалык жакка карата:

1) юридикалык жакка тиешелүү жайларды, аймактарды, аларда болгон товарларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрдү, ошондой эле тиешелүү документтерди карап чыгуу;

2) юридикалык жакка тиешелүү документтерди жана мүлктү алып коюу колдонулушу мүмкүн.

3. Кызмат адамы администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамсыз чараларын колдонуудан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [561-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-561)  
Кийинки берене: [563-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-563)
