# 558-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралу прокурордун токтомун жиберүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-558>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-558.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 558-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-558

---

1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралу прокурордун токтому администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого ыйгарым укук берилген сотко (судьяга), же органга (кызмат адамына) администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып, бир сутканын ичинде жиберилет.

2. Аны жасоо администрациялык камоого алып келген администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралу прокурордун токтому ал түзүлгөндөн кийин токтоосуз сотко (судьяга) кароого берилет.

3. Протокол туура эмес түзүлгөндө жана иштин материалдары туура эмес таризделгенде, ошондой эле ушул Кодекстин 581-статьясынын 3-пунктунда каралган башка учурларда, протоколдун жана иштин башка материалдарынын кемчиликтери администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан соттон (судьядан), органдан (кызмат адамынан) аларды алган күндөн тартып үч суткадан ашпаган мөөнөттө четтетилет.

4. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол жана иштин башка материалдары ушул статьянын үчүнчү пункту тарабынан каралган учурларда кайтарылып берилбегенде, алар администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан сотко (судьяга), органга (кызмат адамына) протоколдун жана иштин башка материалдарынын кемчиликтери четтетилген күндөн тартып бир сутканын ичинде кайрадан жиберилет.

---

Мурунку берене: [557-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-557)  
Кийинки берене: [559-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-559)
