# 5533-статья. Укук бузуу атайын техникалык каражаттарда катталганда администрациялык жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5533>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 5533-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5533

---

1. Администрациялык укук бузуу тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттарда жана шаймандарда катталган учурда, жол кыймылы жагындагы администрациялык укук бузуу үчүн администрациялык жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлик кылуучулары) тартылат.

2. Эгерде анын билдирүүсү же арызы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, укук бузуу катталган учурда, ал ээлигинде турган адам, же, бул ал башка адамдардын укукка каршы аракеттеринин натыйжасында анын ээлигинен чыгып кеткени аныкталса, транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучусу) бул транспорт каражатынын катышуусу менен жасалган администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчилигинен бошотулат.

3. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) көрсөтүлгөн адам тарабынан жасалган укук бузуу үчүн төлөнгөн администрациялык айыптын суммасын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде иш жүзүндөгү укук бузуучудан өндүрө алат.

(Эскертүү КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2011-жылдын 8-августундагы № 151, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5532-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5532)  
Кийинки берене: [554-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-554)
