# 5532-статья. Атайын техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5532>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 5532-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5532

---

1. Ушул Кодекстин статьяларында тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттар жана шаймандар дегенде, метрологиялык текшерүүдөн өткөн техникалык каражаттарды жана укук бузууларды байкоочу жана каттоочу шаймандарды, укук бузууну жасоо фактысын жана убактысын, транспорт каражатынын түрүн, үлгүсүн, мамлекеттик каттоодогу номурдук белгисин жана кыймылынын багытын каттоочу фото-, көрмө аппаратураны түшүнүү керек.

2. Атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда чыгарылуучу администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтомдо чагылдырылат.

(КР 2011-жылдын 8-августундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5531-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5531)  
Кийинки берене: [5533-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5533)
