# 553-статья. Далилдер

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2011 года № 151 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203391)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920368..920369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 553-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-553

---

Ушул Кодекс тарабынан белгиленген тартипте алардын негизинде иш жүзүндөгү ар кандай маалыматтар администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча далилдер болуп саналат, иш анын өндүрүшүндө болгон судья, же орган (кызмат адамы) администрациялык укук бузуунун окуясы бар же жок экендигин, администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу жеке жактын күнөөлүүлүгүн, ошондой эле ишти туура чечүү үчүн мааниси бар башка жагдайларды белгилейт. Бул маалыматтар администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол, ушул Кодексте каралган башка протоколдор, администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамдын түшүндүрмөлөрү, жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана шаймандардын көрсөтүүлөрү, адистин түшүндүрмөсү, экспертизанын корутундусу, башка документтер, буюм далилдери менен белгиленет. Администрациялык укук бузуулар тууралуу материалдарды кароодо тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана шаймандардын маалыматтары, ошондой эле фото- жана видеожазуу функциялары (видеокамералар, видеокаттоолор, уюлдук түзүлүштөрдүн жана шаймандардын видеокамералары) бар техникалык каражаттар менен тартылган-жазылган маалыматтар далил катары пайдаланылышы мүмкүн. (КР 2011-жылдын 8-августундагы № 151, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [552-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-552)  
Кийинки берене: [5531-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5531)
