# 549-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2004 года N 71 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1457)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920308..920309>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-549>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-549.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 549-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-549

---

Төмөнкү жагдайларда администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш башталышы мүмкүн эмес, ал эми башталган иш кыскартылууга тийиш:

1) администрациялык укук бузуу окуясы жок болгондо;

2) администрациялык укук бузуунун курамы жок болгондо;

3) администрациялык укук бузуу жасаган учурда адам 16 жаш курагына толбогондо;

4) укукка каршы аракет же аракетсиздик жасаган адам акыл-эсинде болбогондо;

5) адам зарурат же зарыл коргонуу абалында аракеттенгенде;

6) эгерде ал администрациялык жаза чараны колдонууну жокко чыгарса, мунапыс берүү актысы чыгарылганда;

7) администрациялык жоопкерчилик белгилеген акт жокко чыгарылганда;

8) администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун учуруна карата ушул Кодекстин 46-статьясында каралган эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенде;

9) администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамга карата ошол эле факт боюнча соттун (судьянын), органдын (кызмат адамынын) администрациялык жаза чара көрүү жөнүндө токтому, же болбосо администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти токтотуу тууралу жокко чыгарылбаган токтом болгондо;

10) ага карата иш боюнча өндүрүш башталган жана жүргүзүлүп жаткан адам каза болгондо.

11) Администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган белгилүү бир жеке адамга карата ошол эле факт боюнча жазык иши болгондо.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы №71Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5482-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5482)  
Кийинки берене: [550-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-550)
