# 5481-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү токтото туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 5481-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5481

---

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү бүткөрүүгө тоскоолдук кылуучу төмөндөгүдөй негиздердин бири болгондо токтотулуп турат:

1) администрациялык жоопкерчиликке тартууга тиешелүү адамдын турган жери аныкталбаганда;

2) администрациялык жоонкерчиликке тартууга тиешелүү адам психикалык же дагы башка оор илдетке чалдыкканда;

3) администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү аяктоого зарыл маалыматтарды жана так билдирмелерди алуунун мөөнөттөрүнө таасир этүүчү жагдайларда.

Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу тууралу ыйгарым укуктуу кызмат адамы токтом чыгарат; Администрациялык укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү токтото турууга чейин ыйгарым укуктуу кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылууга тийиш адам жок учурда өндүрүштү жүзөгө ашырса боло турган бардык процесстик иш-аракетти аткарууга милдеттүү. Иш боюнча өндүрүш токтотулуп тургандан кийин ыйгарым укуктуу кызмат адамы табуу, ошол эле учурда администрациялык укукту бузган адамды билүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү, ал эми зарылчылык туулса, процесстик иш-аракетти жүргүзө алат. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [548-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-548)  
Кийинки берене: [5482-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5482)
