# 5466-статья. Администрациялык жазалар салынган маалыматтардын электрондук базасы

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5466>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 5466-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5466

---

Салынган администрациялык жазаларды жана администрациялык укук бузган адамдар жөнүндө маалыматтардын эсебин алуу, тутумдаштыруу жана сактоо максатында администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар чыгарылган эскертүүлөрдү кошпогондо, салынган администрациялык жазалардын маалыматтарынын (мындан ары - маалыматтардын электрондук базасы) электрондук базасын жүргүзүүгө милдеттүү. Маалыматтардын электрондук базасында төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

- укук бузган адам жөнүндө (фамилиясы, aты, атасынын аты, туулган датасы, жарандыгы, жашаган жери);

- салынган администрациялык жазанын түpү;

- жасалган администрациялык укук бузуунун мүнөзү (түрү) жана датасы;

- салынган администрациялык жазанын аткарылышы жөнүндө статус;

- администрациялык токтомдун номери жана датасы.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу орган жасалган укук бузуулардын мүнөзүн эсепке алуу үчүн маалыматтардын электрондук базасын зарыл болгон башка маалыматтар менен да толуктоого укуктуу. Маалыматтардын электрондук базаларын уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [5465-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5465)  
Кийинки берене: [5467-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5467)
