# 5464-статья. Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 5464-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5464

---

Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 224-1-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

- транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;

- транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук, райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, секторлорунун жетекчилери.

(КР 2014-жылдын 22-майындагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5463-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5463)  
Кийинки берене: [5465-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5465)
